"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти. 2022-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Бишкекте 18-майга караган түнү болгон окуяда 30дай киши жабыркаганы, алардын бир тобу чет элдиктер экени, бир бөлүгү жергиликтүү жарандар экени Салматтык сактоо министрлиги тарткан тизмеден көрүнөт. Төрт чет элдик жаран кармалды. Бишкек менен Исламабад жагдай тууралуу бир канча билдирүү таратты.
Баш каалаанын башчысы Айбек Жунушалиев 16-апрелде Ататүрк паркынан жеке жактарга жер берген мэриянын буга чейинки 124 токтому жокко чыгарылганын билдирген. Ушул тапта сейил бакта мыйзамсыз курулган 198 объект бар деп эсептелген. Мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер кантип кайра шаарга кайтарылат?
Москва Украинага согуш ачкандан бери Орусияга агылган миграциянын багыты Батышка бурулууда. АКШга жетсем деп бирөөлөргө алданып, ара жолдо калган кыргызстандыктар тууралуу айтып бербиз. Алардын айрымдары үйүн сатып, банктан насыя алып, аягында алданып калганын айтып жатат.
Сокулукта зордукталган 13 жаштагы кыздын жакындарына басым болуп жатат. Бул тууралуу маселе парламентте көтөрүлүп, Акыйкатчы укук коргоо органдарын бул маселеге көңүл бурууга чакырды. Милиция окуя боюнча козголгон кылмыш иши тергелип жатканын кабарлады.
14нөн 15-февралга караган түнү Асель Жанарбек кызы дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат чыккан. Издөө иштери 1 айдан ашып, 18-мартта Асель Жанарбек кызынын жансыз денеси табылган.
Кыргызстанда Charge fast же “Тез заряд” компаниясына акчасын алдаткандар арбын экени ачыкка чыкты. Бүгүнкү күндө милицияга 600дөн ашуун арыз түшкөн. Бишкектин Биринчи май райондук милициясы финансылык пирамиданы уюштурууга шектелип беш жаран убактылуу кармоочу жайга камалганын билдирди.
Быйыл эки айда төрт аял төрөттөн ажал таап, 14 бала энесиз калды. Жыл башында 21 жаштагы келин төрөт үйүндө жыгылып, дарыгерлер курсактагы ымыркайды дагы, энени дагы сактап кала алган эмес. Көп өтпөй эгиз төрөгөн 22 жаштагы келин көз жаргандан төрт күндөн кийин ооруканада каза болду.
Украинадагы согуштун эки жылдыгына карата бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинде курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Ага бир катар жергиликтүү активисттер, укук коргоочулар катышты.
“Азаттык” жыл ичиндеги коомчулукка кызык болгон бардык окуяларды жеринде, ыкчам, ар тараптан талдап чагылдырып берди.
“Азаттык” 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарга пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголуп же жазага тартылган 30га чукул жарандын тизмесин аныктады.
Cоциалдык тармактарда карын энелерди издеген жана кызматташууга чакырган жарыялар көбөйгөнүн байкоого болот. Аларга ылайык, башкаларга бала төрөп берүүгө макул болгон энелер негизинен чет өлкөгө, көбүнесе Грузияга жөнөтүлүүдө.
Өлкөнүн базарларында ККМге каршы нааразылык акциялары уланууда. 4-декабрда Бишкекте “Дордой Моторстогу” соодагерлер чыгып, патент системасын калтырууну талап кылышты. Президент Садыр Жапаров атайын комиссия түздү. Ал арада өкмөт ишкерлерди текшерүүгө жарым жылга мораторий киргизгени маалым болду.
Кыргызстандын мамлекеттик желегиндеги сүрөттүн элементтерин алмаштырууга каршы 3-декабрда Бишкекте пландалган автожүрүш болбой калды. Катышуучулар акция башка күнү өтө турганын билдиришти. Бир күн мурун тууну өзгөртүүгө каршы тынчтык митингине үндөгөн активист суракка чакырылган.
11 жаштагы пианист Рамил – Австрияда жашаган кыргыз үй-бүлөнүн уулу. Ал Венанын көчөлөрүндө пианинодо ойноп, көптөгөн музыка сүйүүчүлөрүнүн купулуна толгон. Учурда таланттуу жеткинчек аталган өлкөдөгү музыкалык мектепте кошумча билим ала баштады.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Сүлүктүдө көмүр казган айрым ишканалардын сатуу жана экспорттоодогу коррупциялык схемасы аныкталганын жарыялады.
Бишкекте режиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Кыз ала качуу” аттуу жаңы тасмасынын жабык көрсөтүүсү өттү. Чыныгы жашоодон алынган тасмада Кыргызстандагы кыз ала качуунун кесепеттери чагылдырылган.
Бишкекте 9-ноябрда юмористтер кыргызча стендап кечесин уюштурду. Анда коомдогу көйгөйлөр, саясат, социалдык темадагы тамашалар айтылды. Стендап куудулдар юмордогу бул жанрды өнүктүргүсү келет.
15 жыл мурун дайынсыз кеткен кыргызстандык жубайлар Казакстандын Жамбыл облусунан табылып, консулдуктун жардамы менен мекенине кайтып келген. Бул окуя бир нече жылдан бери уул-кызынын дайынын таппай жүргөн ата-энелердин үмүтүн жандыргандай болду.
2-ноябрда Камчыбек Ташиев мамлекеттик органдардан Матраимовго, Көлбаевге байланышы бар деген 202 кызматкер иштен алынганын айтты. Атайын кызматтын башчысы өлкөдө "Көлбаев, Матраимов мафиясы" болбойт деп белгиледи. Депутат Матраимов өз үй-бүлөсү тууралуу Ташиевдин айтканын четке какты.
Дагы жүктөңүз